Akchabarsearch
Ысык-Көлдөгү айланма жол 2–3 жыл ичинде толугу менен бүтөт

Жарыяланган

2026-04-08, 15:48

Ысык-Көлдөгү айланма жол 2–3 жыл ичинде толугу менен бүтөт

Ысык-Көлдү айланып өткөн унаа жолун толугу менен 2–3 жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кабарга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда жолду оңдоо жана жаңылоо иштери этап-этабы менен жүрүп жатат. Корумду айылынан Балбай баатыр айылына чейинки тилке бүткөрүлдү. Жакынкы убакта Балбай баатыр айылынан Каракол шаарына чейинки жолдун курулушу башталат. Андан кийин Каракол – Барскоон жана Барскоон – Балыкчы багытындагы жолдор жаңыланат.

Касымалиев белгилегендей, Ысык-Көл туристтик аймак гана болбостон, эл аралык иш-чаралар өтүүчү борборго да айланып бара жатат. 

Жакынкы күндөрдө Чолпон-Атада Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу, ошондой эле суу-мотор спорту боюнча дүйнө чемпионатынын этабы сыяктуу эл аралык иш-чаралар өткөрүлүп, бул аймактын инфраструктурасына болгон талапты күчөттү.

Ошондой эле ал Чолпон-Ата шаарына чейин темир жол куруу долбоору да каралып жатканын айтты.

Анын айтымында, айланма жол толугу менен бүткөндөн кийин Ысык-Көлдөгү унаа тыгындары кыйла азаят.
 


Тектеш материалды окуу