Akchabarsearch
Ысык-Көлдөгү рейдде 190 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2026-30-06, 10:11

Ысык-Көлдөгү рейдде 190 миң сом айып салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Ысык-Көл облусунда бир жумалык рейд өткөрдү. Анын жыйынтыгында мыйзам бузгандарга жалпысынан 190 миң сом айып пул салынды.

Маалыматка ылайык, рейддин максаты – жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө, мыйзам бузууларды аныктоо жана алардын алдын алуу болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган 23 факт аныкталып, тиешелүү административдик протоколдор түзүлдү.
 


Тектеш материалды окуу

  • Ысык-Көлдөгү рейдде 190 миң сом айып салынды

    Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Ысык-Көл облусунда жумалык рейддик иш-чаралар жыйынтыкталып, анын жүрүшүндө 190 миң сом өлчөмүндө административдик айып пулдар салынды.
    2026-30-06 04:11:46