Жарыяланган
2025-08-07, 13:07Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен унаа жол жана темир жол куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бээжин шаарында өтүп жаткан Жогорку ылдамдыктагы темир жолдор боюнча 12-дүйнөлүк конгрессте билдирди.
Төрөбаев былтыр Ысык-Көлдө, кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” убактылуу өткөрмө бекети ачылганын эске салып, алдыдагы пландар тууралуу кеп кылды.
"Бүгүнкү күндө заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген "Барскоон – Үчтурфан – Аксу" эл аралык жолун куруу негизги этап болуп саналат. Келечекте "Аксу – Бедел – Балыкчы" темир жолун куруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул эл аралык темир жол коридорунун жалпы конфигурациясын бекемдейт", — деди Төрөбаев.
Ошондой эле ал өнөктөштөрдү “Бедел” жолун курууга кызматташууга чакырды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасынын жалпы узундугу 1000 чакырымдан ашат. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык акыркы бир нече жылда 8 эсеге көбөйүп, анын көлөмү 23 млрд долларга жетти.