Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-03-09, 17:48

Министрлер Кабинети КР ИИМнын потенциалын бекемдейт: Жарандардын коопсуздугу үчүн 100 жаңы автоунаа

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттик Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө 100 жаңы кызматтык автоунаа тапшырды. Салтанаттуу иш-чарада, ИИМ жетекчилиги, укук коргоо кызматкерлери жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөдө укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо маанилүүлүгүн баса белгиледи жана Ички иштер министрлигинин потенциалын бекемдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө айтып берди. «Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын ИИМнин потенциалын бекемдөө боюнча маанилүү кадам жасоодобуз, жаңы автоунаалар кызматкерлерге чакырыктарга ыкчам жооп кайтарууга, патрулдоонун эффективдүүлүгүн жогорулатууга жана тез иш-чараларды өткөрүүдө мобилдүүлүктү камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул ИИМдин ишин натыйжалуураак кылат жана, эң башкысы, жарандардын коопсуздугун камсыздайт», - деп белгиледи Кабмин башчысы. Ошондой эле, ал тапшырылган автоунаалар Кыргыз Республикасында чыгарылганын жана байланыш, навигация, видеобайкоо системалары сыяктуу заманбап жабдуулар менен камсыздалганын, бул ИИМ кызматкерлеринин ишинин сапатын жана ыкчамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берерин кошумчалады. «Биз ИИМ кызматкерлеринин ишин ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылууга чоң маани беребиз. 2021-жылдан тартып министрликтин автопаркы 90% жаңыланды. Мындан тышкары, акыркы үч жылда ички иштер кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсеге, ал эми Баткен облусундагы кызматкерлердин эмгек акысы төрт эсеге өскөн. Кызматтык форма жаңыртылып, эң алдыңкы технологияларды киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө», - деди ал. Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле ИИМ кызматкерлерин кесипкөйлүгүн дайыма жогорулатууга, мыйзамга жана адилеттик принциптерине берилген бойдон калууга чакырды. «Биз чогуубуз менен өлкөдө тынчтык жана тартипти камсыздап, ар бир жаран үчүн коопсуз жана туруктуу жашоо шарттарын түзө аларыбызга ишенем», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.


Тектеш материалды окуу