Жарыяланган
2024-09-09, 17:40Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдарда окуучуларды тамактандырууну уюштуруунун тартибин бекитти. Тиешелүү документке Акылбек Жапаров кол койду.
Документ "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга жана улуттук өнүгүү программаны 2026-жылга чейин ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин 2024-жылга карата аракеттер планына ылайык иштелип чыккан.
Агапылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) 2025-жылга жана кийинки жылдарга карата жергиликтүү бюджетти түзүүдө аймактагы жалпы билим берүүчү уюмдарда тамактандырууну уюштуруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, ошондой эле оор турмуштук кырдаалда турган окуучуларды тамактандырууга каражаттарды караштыруу тапшырылды.
Билим берүү жана илим министрлигине 2025-жылдын аягына чейин жалпы билим берүүчү уюмдардын тамактандыруу бөлүмүнүн кесиптик билим берүүсү жок кызматкерлерине сертификат берүү жана мектептик тамактандырууну уюштуруу маселелери боюнча жалпы билим берүүчү уюмдардын кызматкерлеринин квалификациясын системалуу түрдө жогорулатуу милдети жүктөлдү.