
Жарыяланган
2025-17-12, 18:0016-декабрда Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты.
Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко чыгарууга, эки өлкөнүн ишкерлеринин түз байланышын күчөтүүгө жана товар алмашууну кеңейтүүгө шарт түзөт.
Тараптар бул кадам Кыргызстан менен Ооганстандын соода-экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүгө чоң салым кошорун белгилешти.
