Akchabarsearch
Кадастрдын Оштогу башчысынын орун басары кармалды

Жарыяланган

2025-24-11, 11:01

Кадастрдын Оштогу башчысынын орун басары кармалды

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу филиалынын  башчысынын орун басары Ш.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн жалпы аянты 55,36 гектар жер участогун мыйзамсыз өткөрүп берүү жана трансформациялоо боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында кармалды.

Ош шаардык соту аны УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

 Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.


Тектеш материалды окуу