Akchabarsearch

    Жарыяланган

    2024-12-09, 12:01

    Кайра жаралуучу энергия булактары 80 млн доллардан ашык суммага каржыланат

    Экономика жана коммерция министри, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөсү Данияр Амангелдиев аталган фонддун кеңешинин 19-жыйынына катышты.  Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

    Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, фонддун иши ийгиликтүү деп табылды.

    Жыйында кайра жаралуучу энергия булактары боюнча үч инвестициялык долбоорду 80 млн доллардан ашык суммада каржылоо чечими кабыл алынды.

    Мындан тышкары, жыйында долбоорлорду кароону жана каржылоону жакшыртуу максатында фонддун инвестициялык саясатына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул келечекте инвестициялык долбоорлор менен иштөө натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

    Бул чечим туруктуу энергетиканы өнүктүрүүгө стратегиялык багытты жана Кыргызстанда экологиялык таза технологияларга өтүүнү колдойт.


    Тектеш материалды окуу