
Жарыяланган
2026-30-03, 16:07Панфилов районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, мурдагы Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатына таандык жер тилкеси мыйзамсыз сатылгандыгы аныкталды.
Маалыматка ылайык, 2005-жылы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын 0.32 гектар жери мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга 36 миң 537 сомго сатылып кеткен.
Прокурордук чаралар көрүлгөндөн кийин, жалпы баасы 8 млн 883 миң сомду түзгөн жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылып, Кайыңды шаардык мэриясынын балансына өткөрүлдү.
Учурда тиешелүү органдар тарабынан мыйзам бузуулар боюнча кошумча текшерүү иштери уланууда.
