
Жарыяланган
2025-24-11, 16:09Жалал-Абад облусунун Каныш-Кыя айыл өкмөтү Каныш-Кыя айылында жаңы оорукана куруу үчүн тендер жарыялады. Долбоордун баасы 175.6 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Тендер ачык форматта өткөрүлүп, подрядчы компания курулуш иштерин келишимге кол коюлган күндөн тартып 150 күндүн ичинде бүтүрүшү керек.
Сунуштарды кабыл алуу быйылкы жылдын 8-декабрына чейин уланат.
Курулуш боюнча техникалык талаптар жана тендерге катышуу боюнча бардык документтер ачык жайгаштырылган.
