Akchabarsearch
Кант шаарында  5 миң 500 батирлүү  159 ипотекалык үй курулуп жатат

Жарыяланган

2026-24-04, 16:59

Кант шаарында 5 миң 500 батирлүү 159 ипотекалык үй курулуп жатат

Кант шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания 60 гектар жерге 5 миң 500 батирден турган 159 турак үйдү куруп жатат. Бул тууралуу шаар мэри Улан Майлибашев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Ошондой эле, Д.П. Зубков атындагы мектепке 250 орундук кошумча окуу корпусу салынып жатат.

Мындан тышкары, К. Рыскулов атындагы №2 мектеп толугу менен бузулуп, анын ордуна Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 500 орундук жаңы мектеп курулуп баштайт.

 


Тектеш материалды окуу