Жарыяланган
2024-09-09, 13:35Кант цемент заводу 2023-жылга дивиденддерди бир акцияга 36 сом 87 тыйындан бекитти. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Төлөмдөр 2024-жылдын 26-сентябрында башталат.
Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жашаган акционерлер дивиденддерди банктын филиалдары аркылуу же ИНН берилген шартта почта аркылуу ала алышат.