
Жарыяланган
2026-09-03, 12:49Кант шаарындагы акча алмаштыруучу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жай мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген.
Кант шаарында жайгашкан «Исаева А.Д.» ЖЧКнын алмашуу бюросу 2022-жылдын 27-юнунда лицензия алган.
