
Жарыяланган
2026-02-03, 16:34Кара-Балтада «Чайна Петроль Компани «Джунда» ЖЧКсынын мунайды кайра иштетүүчү заводу модернизацияланууда. Бул тууралуу КРнын Президентине караштуу Улуттук агенттик билдирди.
Иш-чарага Улуттук агенттиктин кызматкерлери, Экономика министрлиги, Кара-Балта шаарынын мэриясы жана Акбашат районунун акимиатынын өкүлдөрү катышып, заводдун оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышышты.
Жылына 800 миң тонна кубаттуулуктагы мунайды кайра иштетүүчү заводду жаңылоо Кыргызстандагы ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат.
Долбоор Улуттук агенттик менен «Орто Азия энергетикалык компаниясы» ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык макулдашуу жана кошумча келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө. Инвестициянын көлөмү болжол менен 193.75 млн долларга чейин жетет.
Заводду модернизациялоо иштерин 2026-жылдын 31-июлуна чейин бүтүрүү пландалууда.
