Akchabarsearch
Кара-Кулжа жана Аксы райондоруна жаңы акимдер дайындалды
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2025-07-03, 12:40

Кара-Кулжа жана Аксы райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Ош облусунун Кара-Кулжа району менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акимдери кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжанын мамлекеттик администрациясынын башчысы Дамир Кулубаев берген арызына ылайык кызматтан алынды. Ал эми Аксы районунун жетекчиси Замирбек Сыдыков Кара-Кулжаны башкармай болду.

Садыр Жапаров ушул эле күнү Максатбек Саргазаковду Аксы районунун башчысы кылып дайындоо тууралуу тескемеге кол койгону кабарланды.


Тектеш материалды окуу