Akchabarsearch
Кара-Суудагы мыйзамсыз курулуп жаткан туристтик борбордун иши токтотулду

Жарыяланган

2025-24-09, 14:46

Кара-Суудагы мыйзамсыз курулуп жаткан туристтик борбордун иши токтотулду

Курулуш министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Кара-Суу шаарындагы башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери текшерилүүдө. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Иш-чаранын алкагында Кара-Суу районунун Талдык айылында курулуп жаткан туристик эс алуу борбору текшерилип, объект реестрге катталбагандыгы аныкталган. Курулуш иштери “Барселона групп” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

Натыйжада, Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча 200 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынып, жазуу түрүндө эскертүү берилип, курулуш иштери токтотулду.

 

 


Тектеш материалды окуу