
Жарыяланган
2026-14-05, 11:30Каракол шаарында автоунаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги шаар тургундарын түйшөлткөн негизги маселелердин бири болууда. Бул көйгөй Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов менен өткөн элдик жолугушууда айтылды.
Тургундардын айтымында, өзгөчө шаардын борборундагы кафе, дүкөн жана башка соода жайларынын алдында унаа токтотуучу жайлар жетишпейт. Унаалар туш келди токтотулгандыктан, жол тыгындары пайда болуп, кыймыл жайлашына себеп болууда.
Шаар башчысы көйгөйдү чечүү үчүн системалуу жана узак мөөнөттүү иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, шаардык кеңеш менен биргеликте атайын долбоор иштелип чыгып, унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү жана иретке келтирүү боюнча конкреттүү кадамдар көрүлөт.
Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы унаа токтотуучу жайларды тартипке келтирүү, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселеси да көңүл борборунда экени айтылды.
Мэрдин айтымында, быйыл Караколдо 100 чакырым ички жолду оңдоо пландалууда. Бул иштердин алкагында кошумча автоунаа токтотуучу жайларды куруу каралып жатат.

