Akchabarsearch
    Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду "Алтын Кыран" ордени менен сыйлады

    Жарыяланган

    2025-22-08, 16:18

    Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду "Алтын Кыран" ордени менен сыйлады

    Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — «Алтын Кыран» ордени менен сыйланды.

    Салтанаттуу тапшыруу аземинде Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров Кыргызстанды өнүктүрүүгө болгон берилгендиги жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого кошкон зор салымы үчүн сыйланып жатканын белгиледи. 

    Анын айтымында, бул тууралуу казак эли толугу менен билет. Ошондуктан, кыргыз лидерин эң жогорку даражадагы сыйлык менен сыйлоо чечими кабыл алынган.

    Өз кезегинде Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге жана Казакстандын элине жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул орденди жеке урмат катары гана эмес, Кыргызстанга жана кыргыз элине болгон терең урмат-сый менен ишенимдин белгиси катары кабыл аларын баса белгиледи.

    Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров былтыр 19-апрелде Казакстандагы расмий сапардын алкагында І даражадагы «Достык» ордени менен сыйланган.

     


    Тектеш материалды окуу