
Жарыяланган
2026-12-11, 18:01Казакстанда «Самрук-Қазына» мамлекеттик фондунун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Жакупов жана «Қазақстан темір жолы» улуттук темир жол компаниясынын жетекчиси Елжас Отыншиев кармалды. Алар коррупциялык кылмышка шектелүүдө.
Бул тууралуу 12-ноябрда Казакстандын маалымат каражаттары өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине таянып жазышты.
Маалыматка ылайык, эки жетекчи 11-ноябрда Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган. Алар менен кошо дагы бир нече адам кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Казакстандын Ulysmedia басылмасынын маалыматына караганда, Жакупов менен Отыншиев убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар ири өлчөмдө пара алууга аракет кылган деп шектелүүдө.
Ошол эле учурда Астана шаарында көп кабаттуу үйдүн жанынан сегиз чемодан жана АКШ долларына окшош акчалар табылганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга тараган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, аймакты курчоого алышкан.
Qumash басылмасы бул маалыматты өз булактарына таянып жарыялаган. Бирок табылган акчалардын чыныгы экени жана ал жакка кантип келип калганы азырынча белгисиз.
Ошондой эле бул акчалардын «Самрук-Қазына» жана КТЖ жетекчилеринин кармалышына байланышы бар экени расмий тастыктала элек.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети тергөөнүн чоо-жайы азырынча ачыкталбай турганын билдирди.
