Жарыяланган
2025-14-08, 17:35Кепилдик фонду "Унаа" программасын ишке киргизди. Бул программа өлкөдө чыгарылган унааларды баштапкы төлөмсүз сатып алууга шар түзөт.
"Унаа" кепилдигин жеке адамдар, анын ичинде ишкерлер, коммерциялык иш жүргүзгөн юридикалык жактар ала алышат.
Программанын өнөктөштөрү – "Элдик банк" ААКсы жана "Айыл банк" ААКсы.
Аталган фонд унаанын баасынын 30%га чейинки суммасына кепилдик берет.