Akchabarsearch
Кербендеги Чеч-Дөбө участкасын таза суу менен камсыздоого 50.7 млн сом жумшалат

Жарыяланган

2026-02-06, 10:12

Кербендеги Чеч-Дөбө участкасын таза суу менен камсыздоого 50.7 млн сом жумшалат

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарына караштуу Чеч-Дөбө участкасын таза суу менен камсыздоо үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Тендерди “Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы” өткөрүүдө.

Малыматка ылайык, долбоордун жалпы баасы 50 млн 692 миң 766 сомду түзөт.

Долбоордун алкагында Чеч-Дөбө участогунда суу түтүктөрүн куруу жана калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

Тендердик сунуштарды кабыл алуу 16-июнга чейин уланат. Курулуш иштерин аткарган компанияга келишимдин суммасынын 10% алдын ала төлөнүп, калган 90% иш толук бүткөндөн кийин берилет.

 


Тектеш материалды окуу