Жарыяланган
2024-19-09, 14:14Улуттук банк "Халык Банк Кыргызстан" ААКнын лицензиясын алмаштырды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемеси билдирди.
Тактап айтканда, лицензия 17-сентябрда алмаштырылган. Бул "Халык Банк Кыргызстандын" толук фирмалык аталышынын жана кыскартылган фирмалык аталышынын өзгөрүшүнө байланыштуу.
Ошентип банк расмий түрдө "О!Банк" ачык акционердик коомуна айланды.