Akchabarsearch
Кийинки жылы пенсияны көбөйтүүгө 1 млрд 300 млн сом каралат
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-19-11, 11:18

Кийинки жылы пенсияны көбөйтүүгө 1 млрд 300 млн сом каралат

Кыргызстанда кийинки жылы пенсияны көбөйтүүгө бюджеттен 1 миллиард 300 миллион сом каралат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев парламент отурумунда билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча жыл сайын инфляциянын өлчөмүн индексациялоо керек. 2025-жылдын бюджетине пенсияны 7 пайызга көбөйтүү киргизилип, 1 миллиард 300 миллион сом даярдалат.

Эске салсак, учурда өлкөдө пенсиянын минималдык өлчөмү 6 миң 900 сомду түзөт.


Тектеш материалды окуу