Akchabarsearch
Кыргыз балы Ташкенттеги «Food City» соода комплексинде сатыла баштайт

Жарыяланган

2026-09-04, 17:36

Кыргыз балы Ташкенттеги «Food City» соода комплексинде сатыла баштайт

Кыргызстанда өндүрүлгөн табигый бал жакынкы мезгилде Өзбекстандын Ташкент шаарындагы «Food City» соода комплексинде сатыкка чыгарылат. Алгачкы этапта 4 тонна көлөмүндө балдын экспорттук жеткирүүлөрүн уюштуруу пландалууда.

Бул долбоор «Медовая Артель» ЖЧКсынын Өзбекстан рыногуна чыгуу ишинин алкагында ишке ашырылып, Экономика министрлигине караштуу Соода өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен жүзөгө ашырылды.

Компанияга Өзбекстанда юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү жана жергиликтүү мыйзам талаптарына ылайыкташуу боюнча кеңештер берилди.

Ошондой эле соода аянтын ижарага алуу боюнча келишим түзүлүп, кыргыз продукциясын сатууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Бул демилге Кыргызстандын экспорттук потенциалын кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
 


Тектеш материалды окуу