Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-19-09, 16:53

Кыргыз-казак чек арасында соода-логистикалык комплекс курулат

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында соода-логистикалык комплекс курулат.

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-логистикалык комплекс түзүү жана ишин жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Комплекс “Ак-Тилек” жана “Карасуу” өткөрмө түйүндөрүнүн жанында жайгашат. Аянты 7,6 чарчы чакырым болсо, анын 4 чарчы чакырымы кыргыз тараптыкы, калганы казактарга тиешелүү болот.


Тектеш материалды окуу