Akchabarsearch
Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер бир күнгө жабылат

Жарыяланган

2025-26-04, 17:34

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл өткөрмө бекеттер бир күнгө жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. 

Кытайда Эмгек күнү майрамдала тургандыктан, коңшу мамлекеттин демилгеси менен "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери 1-майда бир күнгө жабылат. 

Аталган бекеттер 2-майда кайра иштей баштайт. 


Тектеш материалды окуу