Akchabarsearch
«Кыргызалтын» акыркы беш жылда 90 млрд сомдон ашык таза киреше тапкан

Жарыяланган

2026-20-11, 18:00

«Кыргызалтын» акыркы беш жылда 90 млрд сомдон ашык таза киреше тапкан

«Кыргызалтын» ААКнын акыркы беш жылдагы таза пайдасы 90 млрд сомдон ашкан. Бул тууралуу компаниянын беш жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жарыяланган маалыматта айтылат.

Бул мезгилде компания мамлекеттик бюджетке 6.8 млрд сом салык төлөп, Социалдык фондго 662 млн сом чегерген.

Ал эми 2026-жылдын тогуз айында «Кыргызалтын» компаниялар тобунун кирешеси 131 млрд сомдон, таза пайдасы 82.3 млрд сомдон ашкан. Анын ичинен «Кыргызалтын» ААКнын таза пайдасы 33.2 млрд сомду түзгөн.

Ошондой эле акыркы беш жылда компаниянын түзүмү өзгөрүп, экономикалык жактан натыйжасыз 5 филиалы жоюлган. Учурда «Кыргызалтын» 2 филиалды, 13 туунду жана 5 биргелешкен ишкананы бириктирген холдингге айланган.

Мындан тышкары, компаниянын ишмердүүлүгү алтын өндүрүү менен гана чектелбестен, логистика, курулуш, туризм жана инвестициялык долбоорлорду да камтыйт.


Тектеш материалды окуу