
Жарыяланган
2026-21-07, 15:53«Кыргызалтын» ААК «Кыргызалтын Резорт» эс алуу-ден соолукту чыңдоо борборуна жолдомолорду мыйзамсыз сатууга байланыштуу алдамчылык фактылары аныкталганын билдирди.
Компаниянын маалыматына ылайык, айрым адамдар өздөрүн ортомчу катары тааныштырып, жолдомолорду арзан баада сунуштап, жарандарды алдап акча алып жатышат.
Буга байланыштуу «Кыргызалтын» жарандарды жолдомолорду расмий гана булактардан — «Кыргызалтын Резорт» борборунан, расмий өнөктөштөрдөн жана мамлекеттик мекемелер аркылуу алууга чакырды.
Компания социалдык тармактардагы белгисиз баракчаларда жарыяланган жана өтө арзан баада сунушталган жолдомолордон этият болууга үндөдү.
Жарандар төлөм жасоодон мурда маалыматтарды текшерип, акчасын белгисиз адамдарга бербеши керек. Жолдомолордун баасы жана сатып алуу шарттары тууралуу маалыматты төмөнкү номерлерден алууга болот:
0550 09 90 13
0706 99 91 11
