
Жарыяланган
2026-27-10, 18:19«Кыргызалтын» ишканасы жана анын туунду компаниясы «Макмал Голд Компани» Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы «Нур-Жайык» кичи районунда жайгашкан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн мамлекетке акысыз өткөрүп берет. Кийин бул мүлктөр жергиликтүү тургундардын менчигине берилет.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 26-октябрда кол койду.
Документке ылайык, мүлктөрдү өткөрүп берүү бир нече этап менен жүргүзүлөт.
Алгач компанияларга таандык мүлктөр Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу мамлекеттин менчигине өткөрүлөт.
Андан соң мүлктөр Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына берилет. Райондук администрация жергиликтүү бийлик менен биргеликте алардын сакталышын камсыздап, тургундардын атына каттоо иштерин жүргүзөт.
Мындай жол менен алтын казуучу компанияларга таандык мүлктөрдү жергиликтүү тургундардын турак жай маселесин чечүүгө пайдалануу пландалууда.
Бирок мүлктөрдүн мамлекетке өткөрүлүшү алар дароо эле тургундардын менчигине өтөт дегенди билдирбейт. Ал үчүн тиешелүү документтер даярдалып, мыйзамда каралган каттоо иштери жүргүзүлүшү керек.
