Akchabarsearch
    Кыргызстан чет жакка 1 млн 337 миң сомго самын экспорттоду

    Жарыяланган

    2025-15-08, 13:57

    Кыргызстан чет жакка 1 млн 337 миң сомго самын экспорттоду

    Кыргызстан быйыл беш айда чет жакка 1 тонна самын экспорттоду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

    Самын Бириккен Араб Эмираттарына, Канадага, АКШга, Россияга, Японияга, Өзбекстанга экспорттолуп анын жалпы суммасы 1 млн 337 миң сомду түзгөн.

    Самындын көбү же 700 кг-Бириккен Араб Эмираттарына (1 млн 90 миң сом),100 кг- Россияга ( 23 мин сом), 100 кг- АКШга ( 21 миң сом), 100кг-Өзбекстанга ( 110 миң сом) экспорттолгон.

    Ал эми калган өлкөлөрдө баасы гана көрсөтүлгөн- Канадага 87 миң сомго, Японияга болгону 5 миң 500 сомго сатылган.
       

       

     

       
     


    Тектеш материалды окуу