Akchabarsearch
Кыргызстан ЕАЭБде жүк ташуу боюнча эң алдыда
Сүрөт алынган жер: иллюстративное

Жарыяланган

2024-24-10, 13:46

Кыргызстан ЕАЭБде жүк ташуу боюнча эң алдыда

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн арасында жүк ташуулардын өсүүсү боюнча алдыда турат. 2024-жылдын январь-август айларында республикада жүк ташуу көлөмү 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5%га өстү. Экинчи орунда 7% өсүү менен Казакстан, үчүнчүдө 6% менен Орусия турат. Белоруссия боюнча маалымат жок, бирок Арменияда жүк ташуу 13,1%га төмөндөгөн.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан ЕАЭБде транспорттун бардык түрлөрү менен жүк ташуу көбөйгөнүн көрсөткөн жалгыз өлкө. Эң көп өсүш аба каттамдарында катталып, 84,3%га өскөн. Салыштыруу үчүн, Казакстанда бул көрсөткүч болгону 16,6%ды, Арменияда 13,3%ды, Орусияда 3,4%ды түзгөн.

Кыргызстан ЕАЭБде темир жол жүк ташууларынын өсүүсүн көрсөткөн жалгыз өлкө болуп калды (+0,4%). Ал эми Казакстанда бул көрсөткүч 1,2%, Орусияда 3,8%, Арменияда 45%га азайган.

Кошумчалай кетсек, 11,5% өсүш менен Кыргызстан Казакстандан (18,7%) артта калган автомобиль транспортун кошпогондо, республика транспорттун башка түрлөрү боюнча эң жогорку өсүш темпин көрсөткөн.
 


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстан ЕАЭБде жүк ташуу боюнча эң алдыда

    Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн арасында жүк ташуулардын өсүүсү боюнча алдыда турат. 2024-жылдын январь-август айларында республикада жүк ташуу көлөмү 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5%га өстү.
    2024-24-10 07:46:47