
Жарыяланган
2025-28-10, 17:24Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) 400 млн еврого чейин насыя алганы жатат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, министр Алмаз Бекетаев жана аталган банктын вице-президенти Маттео Патроне жолугушуу өткөрүп, меморандумга кол койгон. Бул документ 400 млн еврого чейин насыя алуу үчүн келишим түзүүгө даярдык болуп саналат. Аталган каражат муниципалдык инфраструктураны жакшыртууга, сугат жана транспорт долбоорлорун колдоого багытталат.
Мындан тышкары, аталган банк Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо долбоору үчүн 3.3 млн евро, анын ичинде 1.6 млн евро грант бөлгөн. Натыйжада 60 миңден ашуун тургунду таза суу менен камсыздоо системасы жакшырат.
