Akchabarsearch
Кыргызстан Германия менен малдын тукумун жакшыртуу маселесин талкуулады
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-26-10, 14:22

Кыргызстан Германия менен малдын тукумун жакшыртуу маселесин талкуулады

26-октябрда айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын жана «Токбай Агро» ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жолугушууда Германиядан асыл тукум малдын уругун алып келүү, флекфи породасындагы бодо малды көбөйтүү жана малды жасалма уруктандыруу боюнча адистерди окутуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Бавариядан Кыргызстанга буканын уругун алып келүүгө коюлган тыюуну алып салуу мүмкүнчүлүгү каралды.

Мындан тышкары, кыргызстандык адистерди Германияда окутуу жана министрликтин өкүлдөрүнүн Бавариядагы мал чарбалары менен таанышуусу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.


Тектеш материалды окуу