Akchabarsearch
Кыргызстан менен Омандын ортосунда түз аба каттам ачылышы мүмкүн

Жарыяланган

2025-13-02, 18:00

Кыргызстан менен Омандын ортосунда түз аба каттам ачылышы мүмкүн

Кыргызстан менен Омандын ортосунда түз аба каттам ачылышы мүмкүн.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, министр Жээнбек Кулубаев Омандык авиакомпаниянын өкүлү менен жолугушту. Анын алкагында авиакомпанияга эки өлкө ортосунда түз авиакаттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталды.

Компания өз кезегинде Кыргызстан менен Омандын ортосунда чартердик каттамдарды жандандыруу жана туруктуу каттам түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.


Тектеш материалды окуу