Akchabarsearch
Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-2ни курууга 50 млн доллар насыя алууну пландоодо

Жарыяланган

2026-28-10, 16:30

Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-2ни курууга 50 млн доллар насыя алууну пландоодо

Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-2ге кошумча суу агызуучу курулма куруу үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 50 млн доллар насыя алууну пландоодо.

Насыя жылдык 1% үстөк менен 20 жылга берилет. Анын алгачкы беш жылы жеңилдетилген мөөнөт болот.

Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 30-сентябрындагы корутундусуна ылайык, долбоор ГЭСтин плотинасынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Кошумча курулма ашыкча сууну өткөрүүгө жардам берип, авария коркунучун азайтат.

Каражат «Электр станциялары» ААКсына насыя катары берилет. Долбоордун ишке ашырылышына Энергетика министрлиги жооптуу болот.

Тиешелүү келишим ратификациялоо үчүн Жогорку Кеңешке киргизилди.


Тектеш материалды окуу