Akchabarsearch
Кыргызстан Казакстанга 49 жылга жер тилкелерин ижарага берет

Жарыяланган

2026-06-02, 13:41

Кыргызстан Казакстанга 49 жылга жер тилкелерин ижарага берет

Кыргызстан быйылтан тарта Казакстанга айрым жерлерди жана Ысык-Көлдөгү курорттук объекттерди 49 жылга ижарага берет. Бул тууралуу казакстандык inbusiness.kz басылмасы расмий документтерге таянып жазды.

Келишимге ылайык, эки өлкө бири-бирине дипломатиялык максатта айрым имараттарды жана жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берет. Кыргызстан буга чейин Казакстанга элчиликтин имараты үчүн жер тилкелерин жана резиденцияларды берген.

Жаңы келишимде Ысык-Көлдөгү курорттук объекттер да камтылган. Алар — «Казакстан» санаторийи, «Самал» эс алуу үйү, ошондой эле «Университет» жана «Олимп» спорттук-ден соолукту чыңдоо базалары.

Бул объекттердин жери Кыргызстанга таандык бойдон калат, бирок 49 жылга ижарага берилет. Казакстан аларды оңдоп-түзөп, 3–4 жылдыздуу мейманкана жана спорттук борборлорго айлантышы керек. Иштер 2029-жылга чейин аякташы зарыл.

Эгер талаптар аткарылбаса, объекттер Кыргызстанга кайра кайтарылат. Келишимди эки өлкөнүн парламенттери бекиткен.

 


Тектеш материалды окуу