Жарыяланган
2025-09-12, 10:57Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында “Азеркосмос” космостук агенттигине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Анда агенттиктин директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Дунай Бадирханов менен жолугуп, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө космостук технологиялар, спутниктик байланыштар жана санариптик чечимдер чөйрөсүндө кызматташуунун келечеги талкууланды.
Кыргыз тарап азербайжан спутниктеринин мүмкүнчүлүктөрүн байланыш, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, айыл чарба мониторинги, айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө үчүн колдонууга кызыкдар экенин билдирди.
Азербайжан тарап өзүнүн спутниктик системаларынын техникалык потенциалын, анын ичинде маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүктөрүн, жогорку тактыктагы аймактык мониторингди, мамлекеттик органдар менен жеке сектор үчүн комплекстүү санариптик кызматтарды көрсөтүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүштү.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар жумушчу консультацияларды улантуу жана Кыргызстан үчүн негизги тармактарда спутниктик кызматтарды жана технологияларды ишке ашырууга багытталган далилдүү долбоорлорду иштеп чыгууну макулдашышты.