
Жарыяланган
2026-25-03, 17:17Президент Садыр Жапаров 25-мартта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башкы катчысы Феридун Синирлиоглуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусун кеңейтүү жана өлкөдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Президент уюм менен өз ара аракеттенүү акыркы жылдары активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, учурда Кыргызстанда 20дан ашык долбоор ишке ашырылып жатканын айтты.
Ошондой эле тараптар сот-укуктук реформалар, санариптештирүү, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу жана адам укуктарын коргоо багытындагы кызматташтыкты белгилешти.
Өз кезегинде Феридун Синирлиоглу Кыргызстандагы реформаларды жана социалдык-экономикалык жетишкендиктерди жогору баалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аймактык коопсуздукту чыңдоо жана бардык талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
