
Жарыяланган
2025-08-12, 17:50Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы түз аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-декабрда Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясынын Дели - Бишкек - Дели багыты боюнча жаңы түз үзгүлтүксүз каттамынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу 'лчиси Аскар Бешимов катышты.
Каттамдар жумасына бир жолу жекшемби күндөрү аткарылат.
