Akchabarsearch
Кыргызстан менен Иракты байланыштырган жаңы транспорттук каттамдар талкууланды

Жарыяланган

2026-21-09, 10:42

Кыргызстан менен Иракты байланыштырган жаңы транспорттук каттамдар талкууланды

Кыргызстан менен Иракты Өзбекстан, Түркмөнстан жана Иран аркылуу байланыштырган транспорттук каттамдарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Бул маселе Транспорт министринин орун басары К.Ж. Турганбаев менен Ирактын Казакстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жабер Аль-Темиминин жолугушуусунда талкууланды.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда эл аралык жүк ташууларды жөнгө салган келишимди ишке киргизүү маселеси каралды. Учурда мындай келишим жок. Кыргыз тарап келишимдин долбоорун даярдап, Иракка жөнөткөн.

Мындан тышкары, визалык маселеге көңүл бурулду. Учурда кыргызстандыктар Ирактын визасын Астана шаарынан алышат. Буга байланыштуу кыргыз тарап эл аралык жүк ташуучу айдоочулар үчүн бир жылдык көп жолку визаларды берүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар транспорт тармагындагы кызматташтыкты активдештирип, эл аралык жүк ташууларды кеңейтүү боюнча биргелешип иш алып барууга даяр экенин билдиришти.
 


Тектеш материалды окуу

Кыргызстан менен Иракты байланыштырган жаңы транспорттук каттамдар талкууланды Акчабарда