Akchabarsearch
    Кыргызстан менен Казакстан соода-сатыкты 3 млрд долларга жеткирүүнү макулдашты

    Жарыяланган

    2025-22-08, 17:59

    Кыргызстан менен Казакстан соода-сатыкты 3 млрд долларга жеткирүүнү макулдашты

    Кыргызстан менен Казакстан өз ара соодасынын көлөмүн 2030-жылга чейин 3 млрд долларга жеткирүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жетинчи жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

    Жапаров Казакстан Кыргызстан үчүн жөн гана коңшу эмес, маанилүү стратегиялык өнөктөш экенин айтып, эки өлкөнүн ортосунда мамилелер активдүү өнүгүп жатканын, бул инвестициялык кызматташтык үчүн жакшы шарт түзөрүн белгиледи.

    "Кыргыз-казак чек арасындагы индустриалдык соода логистикалык комплексти куруу, айыл чарба продукциясын сактоо максатында Алматы облусунда дүң бөлүштүрүү борборун түзүү, Алматы-Ысык-Көл автомобиль жолун куруу сыяктуу биргелешкен долбоорлорун талкууладык", – деп билдирди Жапаров.

    Мындан тышкары, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктарын модернизациялоо, жол картасынын аткарылышы сыяктуу маселелер каралган.
     


    Тектеш материалды окуу