
Жарыяланган
2026-19-10, 10:35Кыргызстан менен Россия эки өлкөнүн жарандарына укуктук жардам көрсөтүү үчүн биргелешкен борбор түзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратованын Москвадагы жолугушуусунда белгилүү болду.
Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, борбор эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоого жана алардын укуктук маселелерин ыкчам чечүүгө көмөктөшүүгө багытталат. Мындай демилге КМШ өлкөлөрүнүн арасында алгачкылардан болуп сунушталууда.
Борбордун ишин уюштуруу үчүн Кыргызстан менен Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн турган биргелешкен жумушчу топ түзүү мүмкүнчүлүгү каралды. Ал борбордун негизги иш багыттарын аныктап, жарандарга укуктук жардам көрсөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгат.
Мындан тышкары, тараптар эки өлкөдө коомдук кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындоо маселесин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдиришти.
Демилге ишке ашса, эки өлкөнүн жарандары үчүн юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгү жогорулап, алардын укуктарын коргоонун биргелешкен механизмдери түзүлөт.

