
Жарыяланган
2026-25-02, 13:33Бүгүн, 25-февралда президент Садыр Жапаров Россиянын президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда кыргыз-орус мамилелерин маданий-гуманитардык тармакта чыңдоо маселелери талкууланды. Президент бул тармак эки өлкөнүн ортосундагы диалог жана элдердин өз ара түшүнүүсү үчүн маанилүү негиз экенин белгиледи.
Садыр Жапаров 2025-жылы Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, жакынкы арада Москвада ачыла турган Кыргыз илим жана маданият үйү маданий алакаларды мындан ары да чыңдоого өбөлгө болорун айтты.
Ал ошондой эле Кыргызстанда өтө турган алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Россиянын командасын активдүү катышууга чакырды жана маданий мейкиндикти санариптештирүүнү маанилүү багыт деп атады.
Михаил Швыдкой Садыр Жапаровго Россия президенти Владимир Путиндин саламдарын жеткирип, Кыргызстандагы туруктуулук жана экономикалык өсүштү белгиледи. Ал 2028-жылдагы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы жана Лев Толстойдун 200 жылдыгын биргелешип белгилөөнү сунуштады.
Жыйынтыгында тараптар маданият, гуманитардык диалог жана тажрыйба алмашуу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин тастыкташты.
