Akchabarsearch
Кыргызстан менен Швейцариянын борбордук банктары узак мөөнөттүү кызматташууну ырасташты

Жарыяланган

2026-22-05, 09:40

Кыргызстан менен Швейцариянын борбордук банктары узак мөөнөттүү кызматташууну ырасташты

Кыргызстан менен Швейцариянын борбордук банктары узак мөөнөттүү кызматташууну улантарын ырасташты. Бул тууралуу Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегель Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында белгилүү болду. 

Анын сапары 21–22-май күндөрү өтүүдө.

Сапардын алкагында Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев менен эки тараптуу жолугушуу өттү. Анда тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде алтын-валюта резервдерин башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын Улуттук банкы эки өлкөнүн борбордук банктарынын кызматташуусу көп жылдан бери уланып келе жатканын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты бекемдеп, тажрыйба алмашууну улантууга кызыкдар экенин билдиришти.
 


Тектеш материалды окуу