Akchabarsearch
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда төлөм карталары боюнча кызматташтык түзүлдү

Жарыяланган

2025-11-12, 15:44

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда төлөм карталары боюнча кызматташтык түзүлдү

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда төлөм карталары боюнча кызматташтык түзүлдү. Бул тууралуу “Банктар аралык процессинг борборунун” фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын “Элкарт” улуттук төлөм картасы жана Өзбекстандын HUMO улуттук төлөм картасы бири-бирин тейлөө боюнча өз ара эквайринг баштады. Эми HUMO карталарынын ээлери Кыргызстандагы банкоматтарда, төлөм терминалдарында жана башка төлөм жабдууларында тейленип баштаса, «Элкарт» карталарынын ээлери ошол эле кызматтарды Өзбекстанда пайдалана алышат.

Бул долбоор накталай эмес төлөмдөрдү жеңилдетип, саякаттарды ыңгайлуу кылат жана чек аралаш каржы кызматташтыгын күчөтөт.


Тектеш материалды окуу