Akchabarsearch
Кыргызстан эки Airbus учагын сатып алат
arrow right
arrow right
Сүрөт алынган жер: ОАО "МАМ"

Жарыяланган

2024-27-11, 20:52

Кыргызстан эки Airbus учагын сатып алат

Кыргызстан эки Airbus учагын сатып алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Берлинде “Airbus Europe” компаниясынын жетекчиси Йохан Пелиссье менен жолугушканда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, учактар Европага, анын ичинде Бишкек-Париж, Бишкек-Берлин жана Бишкек-Лондон багыттары боюнча каттамдарды аткаруу үчүн колдонулат.

Садыр Жапаров келерки жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгарылышы күтүлүп жатканын билдирди. Бул тизмеден чыгуу Европага түз каттамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп күтүлүүдө.

Эксплуатация ийгиликтүү аяктаса экинчи фазада “Airbus” менен биргеликте авиапаркты андан ары кеңейтүү пландалууда.


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстан эки Airbus учагын сатып алат

    Кыргызстан эки Airbus учагын сатып алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Берлинде “Airbus Europe” компаниясынын жетекчиси Йохан Пелиссье менен жолугушканда белгилүү болду.
    2024-27-11 14:52:21