
Жарыяланган
2024-29-10, 12:35Кыргызстанда бүгүнкү күндө 18 миңден ашуун үй-бүлө “Социалдык контракт” түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, быйыл долбоордун алкагында 2 млн сомдон ашык каражат аз камсыздалгандарга бөлүндү. Алар күнөскана, таман таш жасоо, унаа оңдоо, ширетүү, мал чарбачылыгы сыяктуу киреше алып келүүчү иштер менен алектенүүдө.
Эске салсак, “Социалдык келишим” долбоору аркылуу аз камсыз үй-бүлөлөргө кайтарымсыз 100 миң сомдон берилет. Алар бул каражатка өз алдынча иш баштап, жакырчылыктан чыгууга аракет кылышы керек.
