
Жарыяланган
2026-23-03, 15:08Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын тапшыргандардын саны 69 миң 851 адамга жетти. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 26 миң 219у юридикалык жактар, ал эми 43 миң 632си мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана айрым жеке жактар болуп саналат.
Салык кызматы декларацияны белгиленген мөөнөткө чейин кечиктирбей тапшырууга чакырып, тиешелүү категориядагы жарандар үчүн акыркы мөөнөттөрдү эскертти.
Тактап айтканда, 1-апрелге чейин мамлекеттик кызматкерлер, айрым уюмдардын жетекчилери жана юридикалык жактар декларация тапшырууга милдеттүү болсо, 1-майга чейин жеке ишкерлер жана башка категориядагы жарандар отчет берүүгө тийиш.
