
Жарыяланган
2025-05-12, 09:54Кыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү борбору ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Балык өнөр жайы комплекси департаменти Корея деңиз институтунун жетекчилиги менен Кыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү боюнча улуттук борбор түзүү маселесин талкуулоо үчүн жыйын өткөрдү.
Аталган борбор балыктын түрлөрүн өстүрүү жана көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке ашырууну пландап жатат.
Тараптар курулуп жаткан борбордун республикадагы балык чарба тармагы үчүн маанилүүлүгүн белгилешти. Учурда долбоорду ишке ашыруу акыркы этапта турат. Департамент менен Корея деңиз институтунун өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аквакультураны өнүктүрүү борборунун расмий ачылышын 2026-жылдын экинчи кварталына белгилөөнү макулдашты.
