
Жарыяланган
2026-14-05, 12:46Кыргызстанда дарыгерлердин саны азайып, айрым медициналык мекемелердин саны да кыскарды. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдө 13.5 миң дарыгер иштеп, ар 10 миң адамга 19 дарыгерден туура келген. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 200 дарыгерге аз.
Ошондой эле , былтыр орто медициналык кызматкерлердин саны да 2024-жылга салыштырмалуу 100 адиске кыскарган. 2025-жылы алардын саны 33.6 миңди түзүп, ар 10 миң адамга 46 адис туура келди.
Ал эми, былтыр өлкөдө 180 оорукана иштеген. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 13кө аз.
Алгачкы медициналык жардам көрсөткөн мекемелердин саны 15 жылда кыйла кыскарган. Эгер 2010-жылы мындай мекемелер 137 болсо, 2025-жылы 96га чейин азайып, 43 мекемени түздү.
Ошол эле учурда фельдшер-акушердик пункттардын саны өсүп, 1086га жеткен.
